Кыргыз-Түрк «Манас» университети (КТМУ) 2026–2027-окуу жылын салтанаттуу ачылыш аземи менен баштады. Студенттер, академиялык жана административдик кызматкерлер менен бирге көптөгөн коноктор катышкан программада жаңы окуу жылынын башталышы куттуктоо сөздөрү, музыка, бий жана башка түрдүү иш-чаралар менен белгиленди.
Конгресс жана маданият борборунда жана университеттин үстү спорт аянтында өткөрулгөн эки бөлүмдөн турган программада «Манас» университетинин Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы бир туугандык жана кызматташтыгы, ошондой эле Түрк дүйнөсүнө багытталган билим берүү, илим жана маданият миссиясы баса белгиленген кайрылуулар жасалды.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын мурдагы орун басары Нурланбек Азыгалиев, Түркия Республикасынын Бишкектеги атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси др. Мекин Мустафа Кемал Өкем, Азербайжан Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Латиф Сейфаддин оглы Гандилов, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор, доцент Алмаз Ибраев менен бирге академиялык жана административдик кызматкерлер, уюм жетекчилери, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана студенттер катышты.
Профессор Алпаслан Жейлан: «Манас өз башатынан күч адып, келечекке багыт бериши керек»
Сөзүн Юнус Эмренин «Келгиле, тааныш бололу, ишти жеңил кылалы» деген сөздөрү менен баштаган КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан Түркиядан келген конокторду, Кыргызстандагы жетекчилерин жана дипломатиялык өкүлдөрду «Манас» үй-бүлөсү менен бир чатырдын алдында көрүүгө кубанычта экенин билдирип, Кыргыз-Түрк «Манас» университети эки өлкө ортосундагы бир туугандыктын жана кызматташтыктын орток баалуулугу экенин баса белгиледи.
«Айтылбаганды айтуу, багындырылбаганды багынтуу»
«Манас» университети түптөлгөндөн бери баалуулуктарга жана өзөгүбүзгө көңүл бурган профессор Алпаслан Жейлан ийгилик өткөндөн кол үзбөй, келечекке умтулуу менен курулушу керектигин айтты. Чыңгыз Айтматовдун «Адамга эң кыйыны күн сайын адам болуп калуу» деген сөзүн эске салган Жейлан ийгилик академиялык жана илимий жетишкендиктер менен гана ченелбестигин билдирди.
«”Манас” университети айтылбаганды айтууга, багындырылбаганды багындырууга милдеттүү», — деген Жейлан бул максатка жетүүнүн жолу талыкпаган эмгек экенин билдирди. Мевлананын «Кечээки күн кечээде калды, эми жаңы нерселерди айтуу керек» деген сөзүн да эске салып, өткөндөн күч алып, жаңы идеяларды жаратуунун жана келечекке багыт берүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.
«Билим адамга акыл, ой жана күч берет»
Профессор Жейлан Борбордук Азиянын билим берүү жана ой жүгүртүү салттарына да токтолду. Жусуп Баласагындын билим берүү тууралуу ойлорун эске салып, билим адамга акыл, ой жана күч, ал эми тарбия сый алып келерин айтты.
«Манас» университети бул байыркы билим мурасын замандын мүмкүнчүлүктөрү менен айкалыштыруу жоопкерчилигин алып жүрөрүн билдирген Жейлан университеттин окутуучулук курамынын студенттердин ийгилигиндеги ордуна да көңүл бурду.
Окутуучулардын студенттердин ийгиликтерине кошкон салымы чоң экенин белгилеген Жейлан билим берүү аудиториялар менен гана чектелбестен, лабораторияларда, университеттин социалдык аймактарында жана студенттер менен байланышта уланарын айтты.
«Түрк дүйнөсүнө лидер боло турган жаштарды тарбиялап жатабыз»
Сөзүнүн олуттуу бөлүгүн жаштарга жана Түрк дүйнөсүнө арнаган профессор Жейлан Түрк дүйнөсүндө билим берүү иштери уланып жатканын жана бул иштердин негизги максаттарынын бири келечекке багыт бере турган жаштарды тарбиялоо экенин белгиледи. Кыргыз-Түрк «Манас» университети да бул жоопкерчиликтин маанилүү бир бөлүгү экенин айткан Жейлан университет Түрк дүйнөсүнүн келечеги үчүн эмгектенип, ийгиликтерди жаратышы керектигин айтты.
Жейлан Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдогандын Түрк дүйнөсүнүн келечеги боюнча ортого койгон концепциясына жана Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун «Улуттук рух, дүйнөлүк бийиктик» кайрылуусуна токтолуп, «Манас» университети бул орток максаттардын алкагында иш алып барышы керектигин билдирди.
«Жаштарыбызга тамыр жана канат тартуулагыбыз келет»
КТМУнун билим берүү түшүнүгүн маданий таандыктык менен дүйнөлүк илимдин ортосундагы байланыш аркылуу түшүндүргөн ректор, профессор Алпаслан Жейлан өз тилин жана маданиятын билген, түрдүү маданияттарды үйрөнгөн жана заманбап технологияларды өздөштүргөн жаштарды тарбиялоону максат кылышканын белгиледи. Жейлан: «Жаштарыбызга тамыр жана канат тартуулагыбыз келет. Тамырлары аркылуу ким экенин билишет, ал эми канаттары менен дүйнөнү изилдешет», — деди.
«Манас — тамырынан азыктанган заңгыраган чынар»
«Манас» университетинин иденттүүлүгү жана күчү тамырынан азыктанарын билдирген профессор Жейлан университетти «заңгыраган чынарга» салыштырды. Сөгүттө мындан 700 жылдай мурда өскөн чынар кылымдар бою адамдарга көлөкө болгонун эске салып, Түрк дүйнөсүндө да ошол эле тамырдан азыктанган жаңы чынарлар өсүп жатканын айтты.
Ректор, профессор Жейлан Манас университети бул улуу маданий жана цивилизациялык мурастын жаш өкүлдөрүнүн бири экенин айтып, университеттин чатыры астында өнүгүп жаткан жаңы билим берүү мекемелери жана академиялык түзүмдөр бул чынардын шактарын ого бетер чыңдап жатканын билдирди.
Жасалма интеллект доорунда көз карандысыз ой жүгүртүү
Технологиялык өзгөрүүлөрдүн университеттерге жүктөгөн жоопкерчилигине көңүл бурган Жейлан билим берүү студенттердин баалоо, ой жүгүртүү жөндөмүн өстүрүшү керектигин баса белгиледи. «Университет туура суроо берүүнү, факты менен пикирди ажыратууну, билимге сын көз менен кароону, ар кандай көз караштарды салыштырууну жана адамдын өз алдынча ой жүгүртүүсүн калыптандырууну үйрөтүшү керек», — деген Жейлан жасалма интеллект доорунда студенттердин өз алдынча ой жүгүртүү жөндөмүн сактап калуусу маанилүү экенин белгиледи.
«Өз маалыматыбызды өндүрүүгө, өз тил ресурстарыбызды түзүүгө милдеттүүбүз»
Жасалма интеллект тармагындагы өзгөрүүнү маалыматтык эгемендүүлүк жагынан баалаган ректор Жейлан Түрк дүйнөсүнүн тилдери жана маданий мурасы санариптик чөйрөдө күчтүү чагылдырылышы керектигин айтты. Жейлан: «Өз маалыматыбызды өндүрүүгө, өз тил ресурстарыбызды түзүүгө, изилдөөчүлөрүбүздү даярдоого, биргелешкен лабораторияларды жана изилдөө тармактарын курууга милдеттүүбүз», — деди. Университеттин жасалма интеллект, маалымат инженериясы жана киберкоопсуздук тармагындагы структурасын да ушуга ылайык колго алышканын билдирди.
«Жаштар, жигериңиздерди жана демиңиздерди жоготпоңуздар»
Кыргыздын макалын эске салган профессор Жейлан «Жаштар бар жерде жалын бар» деген билдирүүсүн берди. Жаштарды эмгектенүүдөн жана максаттарынан кайтпоого чакырган Жейлан студенттердин ийгилиги өздөрүнүн гана келечеги үчүн эмес, Кыргызстандын, Түркиянын жана бүткүл адамзаттын келечеги үчүн да маанилүү экенин айтты.
Студенттерге тобокел кылуудан жана суроо берүүдөн коркпоону сунуштаган Жейлан: «Көп суроо бериңиздер, көп аракет кылыңыздар», — деп изилдөөнүн, суроо коюунун жана өндүрүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурду. Томас Эдисондун лампаны ойлоп табуу үчүн жасаган көп сандаган аракеттерин мисал келтирген Жейлан ийгиликсиздиктер үйрөнүү жана алга жылуу процессинин бир бөлүгү экенин билдирди.
Профессор Жейлан: «Урматтуу студенттер, сиздер ийгиликке жетүүгө милдеттүүсүздөр», — деген сөздөрү менен жаштарга кайрылып, аларды изденүүгө, суроо берүүгө, изилдөөгө жана ийгилик үчүн чечкиндүүлүк менен эмгектенүүгө чакырды.
Изилдөөдө коомдук пайда жана жеке салым
Илимий өндүрүштүн баалуулугун анын натыйжасы менен бирге бааланарын билдирген ректор Жейлан изилдөөлөр Кыргызстандын жана чөлкөмдүн керектөөлөрүнө жооп беришине өзгөчө маани беришерин айтты. Жейлан: «Биз чыгарган билим эмнени өзгөртүп жатат? Дыйкандын көйгөйүнө чечим болуп жатабы? Оорулууга жардам берип жатабы? Студенттин билимин кеңейтип жатабы?» деген суроолору менен изилдөөлөрдүн коомдогу ордуна көңүл бурду.
«“Манастын” билими коом менен жуурулушушу керек»
Ректор Жейлан университеттин коом менен дайыма карым-катнашта болушу керектигин баса белгилеп, айылдар менен мектептерге жасалган сапарларды жаңы изилдөө суроолорунун жана чечим издөөлөрдүн башталышы катары баалады. Жалган маалымат тез жайылган доордо университеттердин ишенимдүү маалымат өндүрүү жана аны менен бөлүшүү жоопкерчилиги артканын белгилеген Жейлан: «“Манастын” билими коом менен жуурулушушу керек. Анткени илимдин коомдук баалуулугу адам турмушунан орун тапканына жараша өсөт», — деди.
«Студентти борборго коюу биз үчүн жөн гана ураан эмес, институционалдык тандоо»
Студенттердин академиялык өсүшүн турак жай, тамактануу, саламаттыкты сактоо жана социалдык турмуш шарттары менен бирге карашарын билдирген Жейлан, акысыз билим берүүдөн сырткары жатаканаларды жаңылоо жана студенттерге көрсөтүлүүчү кызматтарды өнүктүрүү иштери тууралуу айтып берди. «Студентти борборго коюу биз үчүн жөн гана ураан эмес, институционалдык тандоо болуп саналат», — деди Жейлан. «Анткени студенттин аң-сезимин эркин кылгыңыз келсе, оболу анын негизги муктаждыктары боюнча өзүн коопсуз сезишин камсыз кылышыңыз керек», — деп түшүндүрдү Жейлан.
«“Манастын” ийгилиги — бул университетке эмгек сиңген ар бир инсандын жалпы ийгилиги»
Ректор, профессор Алпаслан Жейлан академиялык жана административдик кызматкерлердин, студенттердин жана бүтүрүүчүлөрдүн салымына көңүл буруп, мекеменин өнүгүшүнүн негизинде ишеним жана биргелешип жаратуу маданияты турарын айтты. «Улуу университет — бири-биринин ийгилигинен күч алган адамдардан куралган академиялык жамаат», — деген Жейлан: «“Манастын” ийгилиги — окутуучусунан баштап административдик кызматкерине, студентинен бүтүрүүчүсүнө чейин бул университетке эмгек сиңген ар бир инсандын орток ийгилиги», — деген сөздөрү менен университеттин кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.
«Жаңы семестрде изилдөөлөр жана эл аралык өнөктөштүк биринчи орунда»
2026–2027-академиялык жылынын негизги багыттары менен бөлүшкөн ректор Жейлан: «Мындан да сапаттуу илимий эмгектерди жаратабыз. Эл аралык деңгээлде мындан да күчтүү изилдөө өнөктөштүктөрүн түзөбүз. Студенттерибизди изилдөө процесстерине мын дан да көбүрөөк аралаштырабыз», — деди. Жасалма интеллект, саламаттыкты сактоо илимдери, киберкоопсуздук жана туруктуу өнүгүү тармактарында потенциал жогорулатыларын белгилеген Жейлан, Кыргызстандын көйгөйлөрүнө илимий чечимдерди табуу максатын да баса белгиледи.
Профессор Жейлан сөзүн сүйүү жана биримдикди баса белгилөо менен аяктады. «Бири-бирибизди сүйөлү; сүйүүдөн өткөн сонун эч нерсе жок. Ийгилик сүйүү аркылуу келет, балдар», — деп студенттерге кайрылган Жейлан, Хажы Бекташ Велинин «Бир бололу, алп бололу, жандуу бололу» сөзүн эске салды.
Доцент Алмаз Ибраев: «“Манас” университети — Кыргызстан-Түркия бир туугандыгынын орток баалуулугу»
КТМУнун биринчи проректору, доцент Алмаз Ибраев Кыргыз-Түрк «Манас» университети эки өлкө ортосундагы бир туугандыкты жана кызматташтыкты билим берүү жана илим тармагында айкын чагылдырган орток баалуулук экенин билдирди. Университет 2025-жылы түптөлгөндүгүнө 30 жылдыгын белгилегенин эске салган Ибраев, бул топтолгон тажрыйбаны жаңы мезгилде академиялык, илимий жана көркөм эмгектер менен андан ары өнүктүрүү максат кылынганын билдирди.
14 миңден ашык бүтүрүүчүсү менен Түрк дүйнөсүнүн адам ресурсуна салым
Университеттин 30 жылдык билим берүү жолунда 14 миңден ашык бүтүрүүчүнү уядан учурганын белгилеген Ибраев, ар кандай тармактарда эмгектенип жаткан бүтүрүүчүлөр өз өлкөлөрүнүн жана Түрк дүйнөсүнүн өнүгүшүнө салым кошуп жатканын айтты. КТМУ тарбиялаган адам ресурсу эки өлкө ортосунда түзүлгөн академиялык жана маданий байланыштардын үзгүлтүксүздүгү үчүн чоң мааниге ээ экенине көңүл бурду.
Медицина, маалыматтык технологиялар жана жасалма интеллект программалары менен билим берүү багыттары кеңейүүдө
Жаңы академиялык жылдын алдында университеттин билим берүү багыттары кеңейтилгенин айткан Ибраев, медицина факультетинин академиялык түзүмгө кошулуусу менен саламаттыкты сактоо тармагындагы билим берүү мүмкүнчүлүктөрү чыңдалганын билдирди. Маалыматтык технологиялар жана жасалма интеллект тармактарында да жаңы программалар ачылганын белгилеген Ибраев, технологик өзгөрүүлөрдүн жана эмгек рыногунун керектөөлөрүнө ылайык университетти жаңы адистиктер менен толуктоону улантышарын айтты.
Жаңы кыздар жатаканасы менен сыйымдуулугу 1100 орунга көбөйөт
Студенттердин турак жай шарттарын жакшыртуу боюнча иштер менен бөлүшкөн Ибраев, Бишкек мэриясынын колдоосу жана Түркия Республикасынын каржылоосу менен 1100 орундуу жаңы кыздар жатаканасынын курулушу башталганын жарыялады. Жаңы жатакана студенттердин турак жайга болгон муктаждыгын камсыздоого салым кошот.
Окутуучулардын билим берүү жана илим тармагындагы эмгеги мамлекет тарабынан жогору бааланды
Окутуучулардын эмгеги мамлекеттик деңгээлде бааланганына кубанычта экенин билдирген Ибраев, табигый илимдер факультетинин деканы, профессор Гүлбүбү Токтосунова «Данк» ордени менен сыйланганын, Билим берүү факультетинин окутуучусу, профессор Акматали Алимбековго «Эл мугалими» сыйлыгы берилгенин айтты. Ибраев бул ийгиликтер академиялык курамдын билим жана илим тармагындагы эмгегин айкын көрсөткөнүн белгилеп, окутуучуларды куттуктады.
17 миңге чукул арыздан кийин 1200 студент КТМУ үй-бүлөсүнө кошулду
КТМУга болгон студенттердин талабына да токтолгон Ибраев, 2026–2027-окуу жылы үчүн 17 миңге чукул абитуриент кайрылып, алардын 1200гө жакыны кабыл алынганын билдирди. Ар жылы 1000ге чукул студент бүтүрөрүн айткан Ибраев, университетте билим алуу укугуна ээ болгон жаңы студенттерди куттуктады.
Студенттер КТМУ сунуштаган билим берүү жана өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн туура пайдаланып, ийгиликтүү студенттик жашоо каалаган Ибраев, академиялык курамдын тажрыйбасы жана жаштардын салымы менен жаңы мезгилде илимий, академиялык жана көркөм өндүрүш чыңдаларына ишенээрин билдирди.
Элчи Өкем: «Түркиянын Кыргызстандагы башкы иши — адамгерчилик»
Түркия Республикасынын Бишкектеги Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, доктор Мекин Мустафа Кемал Өкем Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелерде билим берүүнүн жана адамга багытталган кызматташтыктын маанилүүлүгүнө токтолду. Сөзүн түрк жана кыргыз тилдеринде саламдашуу менен баштаган Өкем: «Түркиянын бул бир тууган Кыргызстандагы иши акча эмес, Түркиянын Кыргызстандагы иши — адамгерчилик. Мунун бир гана шарты бар, ал — билим берүү», — деди.
КТМУ эки өлкө ортосундагы мамилелерде өзгөчө орунга ээ экенин айткан Өкем, университеттин студенттери, окутуучулары жана бүтүрүүчүлөрү менен сыймыктанаарын билдирди. Жаштарга «Сиздер — Түрк дүйнөсүнүн жылдызысыздар» деген сөздөрү менен кайрылып, студенттерге окууларында ийгиликтерди каалады жана Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы байланыштар келечекте да чыңдаларына ишенээрин айтты.
Элчи Гандилов: «Манастын бүтүрүүчүлөрү түрдүү өлкөлөрдө жоопкерчиликтүү кызматтарды аркалашууда»
Азербайжан Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Латиф Сейфаддин оглы Гандилов КТМУ узак жылдардан бери Кыргызстанга жана жаштардын билимине кызмат кылып жатканын билдирди. Университеттин бүтүрүүчүлөрүнүн дүйнөнүн түрдүү аймактарында ар кандай кызматтарды аркалап жатканын КТМУ даярдаган адам ресурсунун эл аралык майдандагы натыйжасы катары баалады.
Билим берүүдөн сырткары, орток тарых жана маданий байланыштар Түрк дүйнөсүндөгү тилектештикти чыңдап жатканына көңүл бурган Гандилов: «Биз бири-бирибизге жакын болушубуз керек. Көбүрөөк жакындашышыбыз керек», — деди.
Мэр Жунушалиев: «КТМУ Бишкек менен Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошууда»
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев КТМУ эки бир тууган элдин ортосундагы достуктун жана билим берүү тармагындагы кызматташтыктын өнүгүшүндө аткарган ролуна токтолду. Университеттин Бишкекке жана Кыргызстанга кошуп жаткан салымы шаар бийлиги жана тургундары тарабынан байкалып жатканын айтты.
Жунушалиев: «Кыргыз-Түрк «Манас» университети — эки бир тууган элдин достугун жана билим берүү салттарын айкалшытырган өзгөчө билим ордосу», — деди. Университет түптөлгөндөн бери жүргүзүп жаткан иштерин эки өлкө ортосундагы тилектештиктин айкын далили катары баалап, КТМУга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди жана жаңы окуу жылы студенттерге ден соолук, ийгилик жана жаңы жетишкендиктерди алып келишин каалады.
Ректор Хажымүфтүоглу: «Ататүрк университети менен КТМУнун ортосундагы академиялык кызматташтык чыңдалат»
«Ататүрк» университетинин ректору, профессор Ахмет Хажымүфтүоглу КТМУ Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы бир туугандык байланыштарды билим, илим жана маданият тармагында чагылдырган мекеме экенин билдирди. Ала-Тоонун этегинде жаңы академиялык жылдын ачылышына катышканына кубанычта экенин билдирген Хажымүфтүоглу эки университеттин ортосундагы академиялык мамилелер орток тарых жана маданияттан азыктанганын айтты.
«“Манас” университети — жөн гана билим берүү мекемеси эмес, кыргыз жана түрк элдеринин бир тамырдан, бир тектен чыккандыгынын айкын далили», — деген Хажымүфтүоглу, университет Манас Ата менен Коркут Атанын рухун жашатып, Чыңгыз Айтматовдун маданий мурасын келечек муундарга жеткирип жатканын айтты.
«Ататүрк» университети КТМУ түптөлгөндөн бери эки өлкө ортосундагы бир туугандык көпүрөсүнө салым кошуп келе жатканын билдирген Хажымүфтүоглу, учурдагы академиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган колдоолор уланарын айтты. Ататүрк университетинин туруктуу өнүгүү тармагындагы иштерине да токтолуп, Бириккен Улуттар Уюмунун Туруктуу өнүгүү максаттарынын алкагында даярдалган «2026 Sustainability Impact Rankings» жыйынтыктары менен бөлүштү. Университет туруктуу өнүгүүнүн 17 тармагынын үчөөсү боюнча дүйнөдө эң мыкты 10дун катарына киргенин, ал эми тогуз тармак боюнча Түркияда биринчи орунду ээлегенин кабарлады.
«Манастын» бий топтору жана Түрк дүйнөсү оркестри ачылыш аземин шаңга бөлөдү
Ачылыш программасынын маданият жана искусство бөлүгүндө «Манастын кыздары» жана эркектер бий тобу өз өнөрлөрүн тартуулады. Бий топторунан кийин сахнага чыккан «Түрк дүйнөсү» оркестри аткарган чыгармалары менен жаңы академиялык жылдын ачылышынын көркүн ачты. Университеттин маданий жана көркөм мурасын чагылдырган бул көрсөтүүлөр студенттерди, окутуучуларды жана конокторду бирдиктүү майрамдык маанайда баш коштурду.
Арсланбек Султанбеков академиялык жылдын ачылышына шаң кошту
Түрк дүйнөсүнүн белгилүү ырчысы, композитору жана акыны Арсланбек Султанбеков КТМУнун 2026–2027-окуу жылынын ачылыш аземинде көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартуулады. Аткарган чыгармалары менен студенттерди, окутуучуларды жана конокторду музыканын орток тилинде бириктирген ырчы ачылыш программасына өзүнчө көрк кошту.
«Домбыра» чыгармасы менен калың журтка таанылган ногай өнөрпозу Султанбековдун концерти Түрк дүйнөсүнүн музыкалык мурасын КТМУнун сахнасында чагылдырды. Жаңы окуу жылынын шаңын тең бөлүшкөн катышуучулар концерт бою музыкага толгон мүнөттөрдү баштан өткөрүштү.
«Манастан» чыккан өнөрпоз Элмира Таджиева ачылыш кубанычына ортоктош болду
«Манас» университетинен чыккан өнөрпоздордун бири Элмира Таджиева да академиялык ачылыш программасында сахнага чыкты. Аткарган ырлары жана чеберчилиги менен программага көрк кошкон Тажиева искусство жолунда өзгөчө орду бар университетинде студенттер, окутуучулар жана коноктор менен жолугушту. Таджиеванын сахнага чыгуусу жаңы академиялык жылдын толкундануусун музыка менен тең бөлүшүү менен бирге, КТМУнун өнөрпоздорду тарбиялоодогу мол тажрыйбасын да сахнада көрсөттү. Университет өзү тарбиялаган өнөрпоздун ачылыш аземине катышуусу программага өзгөчө маани тартуулады.
Жаңы академиялык жылдын шаңдуу маанайы ачык абадагы концерт менен уланды
Ачылыш программасынын экинчи бөлүгү университеттин үстү ачык спорт аянтында уюштурулган иш-чара менен уланды. Студенттер, академиялык жана административдик кызматкерлер менен коноктор концерттер жана белек ойнотуулар аркылуу жаңы окуу жылынын кубанычын бирге өткөрүштү.
«Дастан» комузчулар тобунун чыгармасы менен башталган программада андан соң Кыргызстандын сүйүктүү музыкалык топторунун бири «Биз» тобу сахнага чыкты. Комуздун салттуу кайрыктарын жандуу музыка менен айкалыштырган программа катышуучуларга жагымдуу мүнөттөрдү тартуулады.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге ар түрдүү белектер тапшырылып, кызыктуу белек ойнотуу да өткөрүлдү. Жандуу музыканын коштоосунда өткөн ачык асман алдындагы программа жаңы окуу жылынын башталышына карата университеттин жалпы жамаатын майрамдык маанайда чогултту.