91×ÔÅÄ

КТМУда «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун билим берүүдө жана илимий изилдөөлөрдө чагылдырылышы талкууланды


  • 2026-09-30

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде (КТМУ) «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун максаттары жана бул максаттардын университеттин билим берүү, илимий изилдөө жана коомдук салым багытындагы иштеринде чагылдыруу маселелери боюнча семинар өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө академиялык бөлүмдөрдүн өздөрүнүн адистик багыттарына ылайык иштеп чыга ала турган долбоорлору, ошондой эле окутуучулар менен административдик кызматкерлердин бул процесстеги жоопкерчиликтери талкууланды.

Үзгүлтүксүз билим берүү борбору менен коммуникация факультетинин кызматташтыгында Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында өткөрүлгөн семинарга университеттин академиялык жана административдик кызматкерлери катышты. Программада проректор, профессор Исмет Алтынташ жана Үзгүлтүксүз билим берүү борборунун төрагасы, профессор Йүжел Өксүз сөз сүйлөштү. Ал эми уңгужолдун негизги багыттарын жана анын университеттин ишмердиги менен байланышын чагылдырган баяндаманы коммуникация факультетинин окутуучусу, доц. док. Гулзада Станалиева жасады.

Улуттук баалуулуктарды илим жана билим менен колдоонун маанилүүлүгү баса белгиленди

Үзгүлтүксүз билим берүү борборунун төрагасы, профессор Йүжел Өксүз уңгужол улуттук демди бирдиктүү максаттардын айланасында кайрадан аныктаган ыкманы сунуштай турганын белгиледи. Өз баалуулуктарына берилген, мекенчил жана жоопкерчиликтүү жарандарды тарбиялоо бул мамиленин негизги максаттарынын бири экендигин билдирди.

Уңгужолдо билим берүү менен илимге берилген мааниге көңүл бурган Өксүз, “Манас” эпосундагы айкөлдүк, адилеттүүлүк жана сабырдуулук сыяктуу баалуулуктар менен илим, технология жана дүйнөгө ачыктык түшүнүгү бирге караларын айтты. Улуттук баалуулуктарды сактоо менен заманбап өнүгүүлөрдөн пайдалануунун ортосундагы байланыш билим берүү мекемелерине олуттуу жоопкерчиликтерди жүктөөрүн баса белгиледи.

Проректор Алтынташ: “Улуттук дем – мурасыбызды келечекке жеткирүү”

КТМУнун проректору, профессор Исмет Алтынташ улуттук дем түшүнүгүн өткөн менен келечектин ортосундагы байланыш аркылуу баалады. Өткөндөн калган баалуулуктарды, идеалдарды жана маданий мурасты келечек муундарга өткөрүп берүүнүн маанилүүлүгүн: “Улуттук дем деген эмне? Мурасыбызды келечекке жеткирүү”, — деген сөздөрү менен билдирди.

“Өткөн күн – келечектин аманаты”, — деген Алтынташ университеттин кызматкерлери менен студенттеринин бүгүнкү жасаган иштери келечекти калыптандырууда маанилүү роль ойной турганын белгиледи. Манас, Ататүрк, Чанаккале, Сарыкамыш, сүргүндөр жана 1938-жылдагы окуялар аркылуу тарых жүктөгөн жоопкерчиликтерге токтолду.

Жусуп Абдрахмановдун мамлекет түптөө идеалын, Касым Тыныстановдун кыргыз тили жана билим берүү тармагындагы эмгектерин, ошондой эле Төрөкул Айтматовдун мурасын эске салган Алтынташ бул инсандардын ой-пикирлери жана эмгектери бүгүнкү жана келечектеги муундар үчүн канчалык маанилүү экенин баса белгиледи.

Тарыхый тажрыйбаны заманбап илим менен айкалыштыруу көздөлүүдө

Доц. докт. Гүлзада Станалиева өз презентациясында “Улуттук рух – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолунун негизги түшүнүктөрүн, таянымдарын жана иш алып баруучу багыттарын түшүндүрдү. Уңгужол кыргыз элинин тарыхый тажрыйбасы жана салттуу баалуулуктары менен заманбап илим, инновация жана дүйнөлүк өнүгүүлөрдүн ортосунда байланыш түзүүнү максат кыларын белгиледи.

Станалиева “улуттук рух” түшүнүгү тарыхый эс-тутумду жана улуттук баалуулуктарды келечекке алып баруучу руханий пайдубалды, ал эми “дүйнөлүк бийиктик” түшүнүгү илим, өндүрүш, спорт, маданият жана экономика сыяктуу тармактарда дүйнөлүк стандарттарга жетүү максатын билдирерин түшүндүрдү. Бул эки түшүнүк улуттук бирдейлешүүнү сактоо менен эл аралык өзгөрүүлөргө ачык болуу түшүнүгүндө биригерин айтты.

Баяндамада конституциялык түзүлүшкө берилгендик, руханий баалуулуктарды кароо, коомдун кызыкчылыгы, салт менен диндин ортосундагы шайкештик жана шовинизмди четке кагуу сыяктуу таянымдар каралды. Станалиева руханий баалуулуктарга маани берүү материалдык өнүгүүнү четке какпай турганын, өнүгүү коомдук жана адеп-ахлактык жоопкерчилик менен бирге каралышы керектигин айтты.

Изилдөө жана өндүрүш дараметин өнүктүрүү алдыңкы орунга чыкты

Билим берүү жана илим тармагында үй-бүлө, коом жана мамлекет бирдей жоопкерчилик аларын белгилеген Станалиева илимий изилдөөлөрдү чыңдоого жана өлкөнүн технологиялык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө басым жасады. Керектөөчүлүктөн өндүрүшкө багыт алган коомдук максат билим берүү мекемелери даярдаган адам ресурстары менен түздөн-түз байланыштуу экенин айтты.

Жасалма интеллект жана жаңы технологиялар тармагында изилдөө жүргүзгөн, чечимдерди иштеп чыккан жана өндүрүшкө катышкан жаштарды тарбиялоонун маанилүүлүгүнө көңүл бурду. КТМУнун ар кандай дисциплиналарда жүргүзгөн билим берүү жана изилдөө иштерин бул максаттар менен байланыштырууга болорун белгиледи.

Курчап турган чөйрө темасында табигый ресурстарды натыйжалуу пайдалануу, кайра жаралуучу энергия жана кайра иштетүү маселелери каралды. Станалиева салттуу кыргыз турмуш-тиричилик маданиятында ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга негизделген тажрыйбалар бүгүнкү күндө экологиялык аң-сезим жана туруктуу өнүгүү жагынан кайрадан каралышы мүмкүн экенин билдирди.

Кыргыз тилинин илимде жана санариптик технологияларда колдонулушу колдоого алынышы керек

Баяндамада кыргыз тилинин күнүмдүк турмуштан сырткары илим, билим берүү жана технология тармактарында колдонулушун өнүктүрүүгө да орун берилди. Станалиева тилди заманбап илимий ыкмалар менен изилдөө, санариптештирүү жана жаңы технологияларда колдонула турган ресурстарды түзүү керектигин баса белгиледи.

Университеттер илимий жана кесиптик терминологияны өнүктүрүүгө, санариптик контентти өндүрүүгө жана ар кандай тармактарда кыргыз тилиндеги академик булактарды даярдоого салым кошо аларын айтты.

Уңгужолдо каралган таянымдарга токтолгон Станалиева адамгерчилик, марттык, сабырдуулук, адилеттүүлүк жана адал эмгектин маанилүүлүгүн белгиледи. Ал эми “улут билгеси” түшүнүгүн эмгектери менен коомго үлгү болгон, жаңы идеяларды иштеп чыккан жана жаш муундардын калыптанышына салым кошкон инсандар аркылуу түшүндүрдү.

Академиялык түзүмдөрдүн салымы билим берүү, изилдөө жана коомдук кызмат аркылуу бааланды

Семинарда уңгужолдун максаттары менен КТМУнун миссиясы кесилишкен багыттар каралды. Станалиева бирдиктүү маданий мурасты сактоо, илим жана технологияны өнүктүрүү, мамлекеттик тилди колдоо, айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоо жана коомго салым кошуу багыттарында университеттин иштерин уңгужолдун максаттары менен байланыштырууга болорун билдирди.

Бул салым ар кандай академиялык тармактарды камтый турганын айткан Станалиева инженериядан коммуникацияга, экономикадан табигый илимдерге, искусстводон спортко жана туризмге чейин ар бир багыт өз адистиги боюнча иш-чараларды иштеп чыга аларын айтып өттү. Билим берүү, изилдөө жана коомго салым кошуу иштеринин жыйынтыктарын көрсөтө билүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

Кураторлук жана кампус турмушундагы бирдиктүү жоопкерчилик талкууланды

Семинардын соңку бөлүгүндө уңгужолдун университеттик жашоодогу орду тууралуу сөз болду. Станалиева студенттердин жоопкерчилик аң-сезими сабактар менен катар кампустагы күнүмдүк жүрүм-турум жана биргелешкен турмуш тажрыйбасы аркылуу өнүгөрүн белгиледи. Университетке, жатаканага жана жалпы колдонуудагы жайларга аяр мамиле жасоону мамлекеттик мүлккө болгон урмат-сыйдын жана коомдук жоопкерчиликтин бир бөлүгү катары баалады.

Академиялык кураторлуктун бул процесстеги маанисине токтолгон Станалиева куратордук жолугушууларды чыңдоону жана тажрыйбалуу окутуучулардын билимин студентер менен бөлүшүүсүн сунуштады. Программа уңгужолдун максаттарын билим берүү, илимий изилдөө, коомго салым кошуу жана студенттерди тарбиялоо процесстери менен байланыштыруу боюнча баалоолор менен аяктады.

 

    Социалдык медиада бөлүшүү