91×ÔÅÄ

КТМУ менен Ататүрк университети жаңы протокол менен академиялык кызматташтыкты өнүктүрүүдө


  • 2026-09-30

Кыргыз-Түрк «Манас» университети (КТМУ) менен Ататүрк университетинин ортосунда билим берүү жана илимий изилдөө тармактарындагы биргелешкен иштерди өнүктүрүүгө багытталган эки тараптуу кызматташтык протоколуна кол коюлду. Ататүрк университетинин ректору профессор Ахмет Хажымүфтүоглунун КТМУга болгон иш сапарынын алкагында өткөн жолугушууда студенттердин жана академиялык кызматкерлердин мобилдүүлүгү, биргелешкен билим берүү программалары, илимий-изилдөө долбоорлору жана жасалма интеллектти колдонуу маселелери талкууланды.

КТМУ ректору, профессор Алпаслан Жейландын кабыл алуусунда жыйындар залында өткөрүлгөн жолугушууга биринчи проректор, доцент Алмаз Ибраев, проректорлор — профессор Исмет Алтынташ жана профессор Камалбек Карымшаков, башкы катчы PhD. Доц. Фатих Рамазан Истанбуллугил жана Сенато мүчөлөрү катышты.

Жаңы протокол биргелешкен билим берүү жана изилдөө иштерине негиз түзөт

Жолугушууда эки университеттин ортосундагы учурдагы академиялык мамилелер бааланып, кызматташтыкты ар кандай адистик тармактарга жайылтуу маселесине көңүл бурулду. Академиялык түзүмдөрдүн ортосунда түз байланышты өнүктүрүү, биргелешкен изилдөө темаларын аныктоо жана билим берүү программаларына багытталган иштерди жүргүзүү боюнча пикир алышуу болду.

Эки университеттин ортосунда 2024-жылы кол коюлган протокол алмашуу программалары, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү, жыйындарды жана долбоорлорду камтыган. 2026-жылдын башында кол коюлган академиялык кызматташуу протоколу менен билим берүү, изилдөө жана илимий өз ара аракеттенүү тармактарындагы иштердин алкагы кеңейтилген. Сапардын алкагында кол коюлган жаңы протокол аркылуу учурдагы мамилелерди өнүктүрүү жана биргелешкен иштердин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу максат кылынууда.

Академиялык мобилдүүлүк аркылуу билим жана тажрыйба алмашууну жогорулатуу көздөлүүдө

Жолугушууда студенттер жана академиялык курам ортосундагы алмашуу программалары да каралды. Студенттердин ар кандай билим берүү чөйрөлөрүнөн пайдалануусу, окутуучулардын кесиптештери менен билим жана тажрыйба бөлүшүүсү жана бул өз ара аракеттенүүнүн биргелешкен долбоорлорго айлануусу өзгөчө белгиленди.

Билим берүү программаларынын алкагында жүргүзүлө турган иштерден тышкары, академиялык уюмдардын ортосунда изилдөө өнөктөштүгүн өнүктүрүү боюнча баалоолор жүргүзүлдү. Эки университеттин 2025-жылы ишке ашырган «Түрк 2025: I Эл аралык “Манас” илим жана технология конгресси» да учурдагы кызматташтыктын үлгүлөрүнүн бири болуп саналат. Жасалма интеллект, нанотехнология жана айыл чарба технологиялары сыяктуу тармактарды камтыган конгресс ар кандай дисциплиналардагы изилдөөчүлөрдүн илимий иштерин бөлүшүүсү үчүн жолугушуу аянтчасын сунуштаган.

ATAZEKA аркылуу жогорку билим берүүдө жасалма интеллектти колдонуу бааланды

Жолугушууда Ататүрк университетинде иштелип чыккан жасалма интеллектке негизделген ATAZEKA ассистенти тууралуу маалымат берилди. Университеттин өз инфраструктурасында иштеген системанын суроолорго жооп берүү, текст жана документ даярдоо, документтерди талдоо, визуалдык контент түзүү жана актуалдуу веб-маалыматтар сыяктуу функциялары тааныштырылды.

PDF, Word жана Excel форматындагы документтерди окууга жана талдоого мүмкүндүк берген платформа аркылуу жасалма интеллекттин академиялык жана административдик процесстерде колдонулуучу багыттары талкууланды. Университеттердин санариптик трансформация иштеринде бул технологиялардан кантип пайдаланууга болору тууралуу пикир алышуу болду.

«Манас ТВнын» инфраструктурасы жана иштери тааныштырылды

Жыйындар залындагы жолугушуудан кийин профессор Ахмет Хаджымүфтүоглу баштаган делегация «Манас ТВга» барды. Меймандарга телеканалдын иштери жана КТМУнун коммуникация тармагындагы корпоративдик түзүмү тууралуу маалымат берилди. Студияларды жана техникалык базаны көрүп чыккан делегация университеттин академиялык, маданий жана социалдык иштерин коомчулукка жеткирүүдө «Манас ТВнын» ээлеген орду менен таанышты.

    Социалдык медиада бөлүшүү