Кыргыз-Түрк «Манас» университети менен Кахраманмараш Сүтчү Имам университетинин ортосунда эки тараптуу кызматташуу протоколуна кол коюлду.
Протоколго Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан менен Кахраманмараш Сүтчү Имам университетинин ректору, профессор Ибрахим Танер Окумуш кол коюшту. Жолугушууга биринчи проректор, доцент Алмаз Ибраев жана Спорт илимдери факультетинин деканы, профессор Джыпаркул Абдырахманова да катышты.
Ректоратта өткөн жолугушууда эки университеттин ортосундагы учурдагы мамилелерди өнүктүрүү жана биргелешкен иштерди арттыруу маселелери каралды. Протоколдун алкагында эки университеттин ортосунда биргелешкен илимий-изилдөө долбоорлорун ишке ашыруу жана кызматташтыкты өнүктүрүү максатталууда.