QS (Quacquarelli Symonds) эл аралык жогорку билим берүү рейтинги тарабынан жарыяланган 2027 QS Азия университеттеринин рейтингинде Кыргыз-Түрк «Манас» университети Азиянын алдыңкы жогорку окуу жайларынын катарындагы ордун бекемдеди.
Азия боюнча рейтингге кирген 1 722 университеттин ичинен 256-орунду ээлеген КТМУ рейтингге Кыргызстандан кирген 9 университеттин арасында биринчи орунга чыгып, өлкөнүн эң ийгиликтүү университети болду.
Азия университеттеринин арасында алдыңкы 300 окуу жайдын катарында
Дүйнө жүзүндөгү жогорку билим берүү мекемелерин ар кандай академиялык жана институционалдык көрсөткүчтөр боюнча баалаган QS, 2027-жылдагы Азия университеттеринин рейтингин жарыялады. Тизмеге кирген 1722 университеттин арасынан 256-орунду ээлеген Кыргыз-Түрк «Манас» университети бул жыйынтыгы менен эл аралык жогорку билим берүү чөйрөсүндөгү күчтүү позициясын дагы бир жолу бекемдеди.
Орто Азияда алдыңкы 15 университеттин катарында
«Манас» университети QS 2027 Орто Азия университеттеринин рейтингинде да ийгиликтүү жыйынтыкка жетишти. Региондогу 99 университет бааланган бул тизмеде 14-орунду ээлеген КТМУ Орто Азиянын алдыңкы жогорку окуу жайларынын арасындагы ордун сактап калды.
Азия масштабындагы ийгилигин Орто Азияда көрсөткөн университет эл аралык рейтингдердеги көрсөткүчтөрү менен академиялык өнүгүүсүн жана аймактык таасирин көрсөттү.
Профессор Алпаслан Жейлан: «"Манас" мындан да чоң ийгиликтерге жетүүгө даяр»
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан QS 2027 рейтингдериндеги ийгилик университеттин академиялык өнүгүү максаттары үчүн маанилүү кадам экенин белгилеп, «Манас» университети эл аралык жогорку билим берүү тармагында дагы да күчтүү позицияга жетүүгө даяр экенин баса белгиледи.
Университеттин жетишкен ийгилигин биргелешкен эмгектин натыйжасы деп баалаган професссор Жейлан академиялык жана илимий иштердин сапатын жогорулатуу, эл аралык академиялык кызматташтыкты өнүктүрүү жана студенттерге күчтүүрөөк билим берүү шарттарын түзүү негизги артыкчылыктардын катарында экенин билдирди.
«Максатыбыз - дагы жогорку саптарга көтөрүлүү»
«Манас» университети үчүн бул маанилүү ийгилик экенин, бирок бул акыркы көрсөткүч эмес, чоң максаттарга жетүү үчүн жаңы башталгыч экенин баса белгилеген профессор Жейлан университет илимий өндүрүштү жана билим берүүнүн сапатын үзгүлтүксүз өнүктүрө берерин айтты.
Кыргыз-Түрк «Манас» университети эки өлкө ортосундагы боордоштук мамилелердин билим жана илим тармагындагы эң күчтүү өкүлдөрүнүн бири экенин баса белгилеп, университет Түрк дүйнөсүндө жогорку билим берүүнүн өнүгүшүнө салым кошуу миссиясын да чечкиндүү түрдө уланта турганын билдирди.
Эл аралык көз караштын ачык үлгүсү
Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы достук жана боордоштук мамилелердин жогорку билим берүү тармагындагы эң маанилүү биргелешкен мекемелеринин бири болгон Кыргыз-Түрк «Манас» университети көп улуттуу академиялык түзүлүшү, эл аралык студенттер жана окутуучулар профили, билим берүү ишмердүүлүгү жана илимий эмгектери менен аймактык жогорку билим берүү борбору болуу максатын көздөп иш алып барууда.
QS 2027 рейтингдеринде катталган жыйынтыктар университеттин эл аралык аренадагы ордун илгерилетүү, академиялык деңгээлин өркүндөтүү университеттин максаттары үчүн маанилүү көрсөткүч катары бааланууда.
«Манас» университети Түркия менен Кыргызстандын биргелешкен билим жана илим көз карашын эл аралык академиялык платформаларда таанытып, өзгөчө Түрк дүйнөсү баштаган кеңири чөйрөдө жогорку билим берүү тармагына кошкон салымын улантууда.