91×ÔÅÄ

КТМУ менен SmartYouz жаштар кыймылынын ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду


  • 2026-11-07

Кыргыз-Түрк «Манас» университети (КТМУ) менен Кыргыз Республикасынын кореялыктардын коомдук бирикмесинин алдындагы SmartYouz корей жаштар кыймылынын ортосунда билим берүү, жаштар демилгелери жана маданий иш-чаралар багыттарында кызматташтыкты өнүктүрүү максатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейландын катышуусунда өткөн «YouZ Generation» конференциясынын алкагында меморандумга ректор Алпаслан Жейлан жана SmartYouz Корея жаштар кыймылынын төрайымы Евгения Цой кол коюшту.

Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум аркылуу университет менен жаштар кыймылынын ортосунда көрсөтүлгөн багыттар боюнча биргелешкен иштерди өнүктүрүүгө багытталган кызматташтык чөйрөсүн түзүү көздөлүүдө.

 

    Социалдык медиада бөлүшүү