Түркиянын төрагалыгы алдында Анталия шаарында башталган, 103 өлкөнүн лидерлери жана өкүлдөрү катышып жаткан Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча конференциясы (COP31) климаттык кризиске каршы глобалдык тилектештикти чыңдоо жана жалпы милдеттенмелерди конкреттүү иш-аракеттерге айландыруу жаатында маанилүү бурулуш болуп саналат.
Конференциянын негизги багыттарынын катарына таза энергияга өтүү, нөль калдык, метан бөлүп чыгарууну азайтуу, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, климаттын өзгөрүшүнө туруктуу шаарларды өнүктүрүү, жашыл индустриялаштыруу, экотутумду коргоо, саламаттык сактоонун туруктуу системаларын түзүү, ошондой эле жаштар жана билим берүү маселелери кирет. Бул багыттар туруктуу келечекти камсыз кылуунун негизги шарттарын аныктайт. Ошондой эле климаттык саясатты ишке ашырууну тездетүүгө багытталган эл аралык кызматташтык жана каржылоо механизмдери да күн тартибинин маанилүү бөлүгүн түзөт.
Айрыкча Орто Азиядагы мөңгүлөрдүн эриши, суу ресурстарына болгон басымдын күчөшү, кургакчылык жана экотутумдардын абалы климаттын өзгөрүшү аймактык чек аралардан тышкары жалпы жоопкерчиликти талап кылган маселе экенин көрсөтүп турат.
Кыргыз-Түрк «Манас» университети катары илимдин жетегинде экологиялык туруктуулукту камсыз кылууга, климаттык сабаттуулукту жогорулатууга, жаштардын чечим кабыл алуу процесстерине катышуусуна жана Түрк дүйнөсүндөгү академиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө маани беребиз. Университеттердин билим жаратуу, коомдук аң-сезимди калыптандыруу жана илимий чечимдерди иштеп чыгуу жаатындагы жоопкерчилиги бүгүнкү күндө мурдагыдан да жогору экенине ишенебиз.
Түркиянын төрагалыгы алдында өткөрүлүп жаткан COP31 конференциясы климаттык адилеттүүлүктү чыңдоого, жаратылышты коргоого жана келечек муундарга жашоого ыңгайлуу дүйнөнү калтыруу эркин конкреттүү натыйжаларга айландырууга багытталган чечимдердин кабыл алынышына өбөлгө түзөт деп ишенебиз.
Профессор Алпаслан Жейлан
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору