Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде Түркия Республикасынын негиздөөчүсү, Гази Мустафа Кемал Ататүрктүн дүйнөдөн өткөнүнүн 88 жылдыгына карата эскерүү иш-чаралары өткөрүлдү.
Эскерүү иш-чараларынын алкагында алгач Түркия Республикасынын Бишкектеги элчилиги тарабынан Ататүрк сейил багында уюштурулган иш-чарада КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев катышып, Ататүрктүн эстелигине гүлчамбар коюшту. Элчилик тарабынан уюштурулган аземден кийин эскерүү программасы Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде улантылды.
10-ноябрь – Ататүрктү эскерүү күнүнө карата ректораттын жыйындар залында уюштурулган программага Түркия Республикасынын Бишкектеги элчиси, доктор Мекин Мустафа Кемал Өкем, Азербайжан Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Латиф Гандилов, Өзбекстан Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Саидикрам Ниязходжаев, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Бишкектеги өкүлү Тахир Осман Тахир, КТМУнун жетекчилиги, дипломатиялык өкүлдөр, академиялык жана административдик кызматкерлер, ошондой эле студенттер катышты.
Программа бир мүнөттүк эскерүү жана Түркия Республикасынын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимндери менен башталып, андан соң Гази Мустафа Кемал Ататүрктүн өмүр жолун жана ишмердүүлүгүн чагылдырган тасма көрсөтүлдү.
Элчи Өкем Республиканын негизги баалуулуктарына басым жасады
Түркия Республикасынын Бишкектеги элчиси, доктор Мекин Мустафа Кемал Өкем өз сөзүндө Ататүрктүн аскердик ишмердүүлүгүнө, мамлекет түптөөдөгү ролуна жана Түркия Республикасынын негизделиши менен ишке ашырылган реформаларга токтолду.
Ататүрктүн Балкан жарым аралынан Чанаккале салгылашуусуна, Чыгыш фронтунан боштондук согушуна чейинки аскердик күрөшүн эске салган Өкем, Түркия Республикасынын түзүлүшү менен улуттук эгемендүүлүк принцибине негизделген жаңы башкаруу системасы кабыл алынганын белгиледи.
Элчи республиканын негизги жетишкендиктерин светтик башкаруу, аскердик жана саясий бийликтин бөлүнүшү, укуктук системанын калыптанышы, аялдарга саясий укуктардын берилиши, экономикалык көз карандысыздык жана билим берүүдөгү биримдик багыттары боюнча талдап, бул реформалардын Түркиянын заманбап өнүгүү процессиндеги ордуна токтолду. Сөзүнүн соңунда Ататүрктүн республика менен көз карандысыздыкты келечек муундарга аманат кылып калтырганын эске салган Өкем жаштардын бул мурасты сактоо жоопкерчилигин баса белгиледи.
Элчи Гандилов Түрк дүйнөсүндөгү биримдиктин жана тилектештиктин маанисин белгиледи
Азербайжан Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Латиф Гандилов Ататүрктүн көз карандысыздык үчүн күрөшүнөн алынуучу сабактарга жана Түрк дүйнөсүнүн орток баалуулуктарына токтолду. Ататүрктүн оор шарттарга карабастан күрөштөн баш тартпаган чечкиндүүлүгү келечек муундар үчүн үлгү экенин белгилеген Гандилов, анын тарыхый мурасын үйрөнүү жана кийинки муундарга жеткирүү зарылдыгын айтты.
Москва жана Карс келишимдеринин тарыхый жана стратегиялык маанисине көңүл бурган элчи, Түрк дүйнөсүндөгү мамилелер орток иденттүүлүккө гана эмес, өз ара урматтоого, жардамдашууга жана тынчтыкка да негизделиши керектигин белгиледи. Ошондой эле «түркчүлүк» түшүнүгү башкалардын укуктарына жана жерине урмат көрсөтүүнү, муктаж болгондорго жардам берүүнү да камтый турганын айтып, Түркия, Азербайжан жана Борбор Азиядагы түрк элдеринин орток тарых менен маданияттын айланасында ынтымакта болушунун маанисин баса белгиледи.
Ректор Жейлан: &±ô²¹±ç³ܴÇ;Ататүрктү түшүнүү – анын идеяларын ишке ашыруу менен мүмкүн&°ù²¹±ç³ܴÇ;
КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан Ататүрктү эскерүү анын идеяларын түшүнүү жана жаш муундарга жеткирүү менен гана чыныгы мааниге ээ болорун белгиледи.
Ататүрктүн «Мекенде тынчтык, дүйнөдө тынчтык» деген сөзүн Түркиянын чек араларын коргоого гана багытталган түшүнүк катары карабоо керектигин айткан Жейлан, бул принцип түрк дүйнөсүндөгү боордош элдердин келечегин да камтый турганын белгиледи. Ататүрктүн түрк дүйнөсүнө байланыштуу идеялары бүгүнкү күндө Кыргызстан жана Түркия баш болгон түрк мамлекеттеринин ортосундагы мамилелерден өз ордун таап жатканын айткан ректор, орток тарых менен маданияттын негизинде калыптанган биримдиктин маанисине көңүл бурду.
Профессор Ялчын Ататүрктүн түрк дүйнөсүнө карата көз карашы тууралуу баяндама жасады
КТМУнун Гуманитардык факультетинин Билим берүү илимдери бөлүмүнүн окутуучусу, профессор Барбарос Ялчын «Ататүрк жана Түрк дүйнөсү» аттуу конференциясында Гази Мустафа Кемал Ататүрктүн Түрк дүйнөсү менен болгон байланыштары, бул багыттагы ишмердүүлүгү жана калтырган мурасы тууралуу баяндама жасады.
Ататүрктүн түрк тарыхын жана тилин изилдөөгө өзгөчө маани бергенине токтолгон Ялчын 1931-жылы Түрк тарыхын изилдөө коомунун, ал эми 1932-жылы Түрк тилин иликтөө коомунун түзүлүшү менен башталган иштер тууралуу маалымат берди. Биринчи Түрк тарыхы курултайы жана Биринчи Түрк тили курултайы, ошондой эле Түрк тарых тезисинин алкагында жүргүзүлгөн изилдөөлөргө көңүл бурган Ялчын бул иштер түрк тарыхынын Борбор Азиядагы тамырларын изилдөөгө чоң салым кошконун белгиледи. Ошондой эле Ататүрк Орхун жазуулары жана байыркы түрк диалектилери боюнча жүргүзүлгөн изилдөөлөргө да көз салып турганын айтты.
Ялчын Ататүрктүн доорунда Түрк дүйнөсү менен маданий байланыштарды сактоо жана өнүктүрүү максатында жүргүзүлгөн иштерден мисалдарды келтирди. Ал Абдулкадир Инандын түрк диалектилери боюнча изилдөөлөрүн, якут тилиндеги сөздүктүн которулушун жана Хамдуллах Супхи Танрыөвердин Түрк дүйнөсү менен байланыштарды өнүктүрүүдөгү ишмердүүлүгүн эске салды. Тил, тарых жана маданият ар түрдүү географиялык аймактарда жашаган түрк коомчулуктарын бириктирген негизги факторлор экенин баса белгилеген Ялчын, Ататүрктүн бул элдерге карата мамилесин «Сиздер унутулбайсыздар» деген билдирүү менен жыйынтыктады.
Баяндамасында «Манас» университетинин түптөлүү тарыхына да токтолгон Ялчын, 1995-жылдын 30-сентябрында кол коюлган келишимдин негизинде түзүлүп, 1997–1998-окуу жылында Бишкек шаарында ишмердүүлүгүн баштаган университет, Түрк дүйнөсүндөгү кызматташтыктын маанилүү үлгүлөрүнүн бири экенин белгиледи. Ар түрдүү түрк элдеринен келген студенттердин бир окуу жайда билим алышы орток тилдик, маданий жана илимий байланыштарды бекемдеп жатканын айткан Ялчын «Манас» университети бул биримдикти сактап, өнүктүрүп келе жаткан маанилүү билим берүү жана илимий борбор экенин баса белгиледи.
Ошондой эле Ялчын жаштарды Түрк дүйнөсүндөгү элдерди жакындан таанып-билүүгө, биргелешкен академиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жана келечекке карата орток максаттарды иштеп чыгууга чакырды. Маданий алакалар менен катар биргелешкен долбоорлорду, диссертацияларды жана илимий эмгектерди даярдоо аркылуу кызматташтыкты өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи. Профессор сөзүн «Манас» эпосу менен Ататүрктүн көз карандысыздык жана биримдик үчүн күрөшүнүн ортосундагы байланышты белгилөө менен жыйынтыктады. Ал элге эркиндик жана орток келечек идеясын тартуулаган баалуулуктарды келечек муундарга жеткирүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.