Кыргыз-Түрк «Манас» университети (КТМУ) тарабынан Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде эскерүү программасы уюштурулду. Университеттин окутуучулары, административдик кызматкерлери жана студенттери болуп миңден ашык адам катышкан бул иш-чарада Кыргызстан тарыхындагы кайгылуу окуялар дагы бир жолу эскерилди. "Манас" университетинин жамааты саясий репрессиялардын убагында шейит кеткен ата-бабаларынын элесине таазим кылуу учун чогулду.
2026-жылдын 11-ноябрында өткөн иш-чарага Түрк мамлекеттер уюмунун Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Кыргызстандагы өкүлү Тахир Осман Тахир, КТМУнун жетекчилиги, «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин директору Болот Абдрахманов, университеттин академиялык жана административдик кызматкерлери, ошондой эле студенттер катышты.
«Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде чогулган университеттин жамааты Кыргызстандын жана Түркиянын мамлекеттик желектерин, 1938-жылдагы саясий репрессия курмандыктарынын сүрөттөрүн жана тарыхый аң-сезимдин маанисин чагылдырган транспаранттарды көтөрүп, мемориалдык комплекстин аймагына карай жөө жүрүш жасашты.
Жүрүштөн кийин 1938-жылдагы саясий репрессия курмандыктарына арналган бир мүнөттүк эскерүү жарыяланды. «Ата-Бейит» эстелигине жана Чыңгыз Айтматовдун күмбөзүнө гүлчамбарлар коюлгандан кийин куран окулду. Кыргызстандын жана Түркиянын мамлекеттик гимндеринин жаңырышы менен программанын ачылыш бөлүгү жыйынтыкталды.
Ректор, профессор Алпаслан Жейлан: «Бир өлсөк, миң тирилебиз»
КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан өз сөзүндө «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинин кыргыз элинин тарыхындагы ордуна, өткөн доордогу кайгылуу окуяларга жана өлкөнүн эркиндиги үчүн өмүрүн берген инсандардын элесине токтолду.
1916-жылдагы Үркүн окуясын жөн гана көчүү окуясы катары кароого болбой турганын белгилеген Жейлан, бул тарыхый окуя кыргыз элинин көз карандысыздык жана эркиндик үчүн күрөшүн да чагылдырарын айтты. Жамгырга карабастан студенттердин эскерүү иш-чарасына катышуусун өзгөчө маанилүү деп баалап, ата-бабаларыбыз мындан да оор шарттарда күрөшкөнүн эске салды.
«Ата-Бейитте» 1938-жылы дүйнөдөн өткөн кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрү менен университетте билим алып жаткан жаш муундун ортосундагы байланышты баса белгилеген Жейлан: «Бул жерде 138 кыргыз интеллигенциясынын өкүлү курман болгон. Ал эми бүгүн бул жерде миң кыргыз интеллигенциясынын өкүлү тарбияланып жатат. Демек, бир өлсөк, миң тирилебиз», — деди.
Сөзүндө Чыңгыз Айтматовдун атасы Төрөкул Айтматовго карата коюлган айыптоолор камтылган, жалпы көрүстөндөгү казуу иштеринин жүрүшүндө табылган документти катышуучуларга көрсөткөн Жейлан, документте ошол мезгилдеги саясий айыптоолорго байланыштуу маалыматтар жазылганын айта кетти. Ал бул документ саясий репрессиялар мезгилинде кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрү дуушар болгон куугунтуктоолорду тастыктаган тарыхый далил экенин белгиледи.
Жаш муун ата-бабаларынан мураска калган тарыхый жана маданий баалуулуктарды сактап, аларга татыктуу мамиле кылышы керектигин айткан Жейлан, «Манас» университети улуттук жана руханий баалуулуктарды даңазалоо аркылуу бул мурасты келечек муундарга жеткирүүнү максат кыларын белгиледи.
Биринчи проректор Алмаз Ибраев: Жаштарды тарыхый мурасты сактоого чакырды
КТМУнун биринчи проректору Алмаз Ибраев өз сөзүндө «Ата-Бейит» кыргыз элинин башынан өткөн кайгылуу окуяларды жана тарыхый күрөштөрдү эске салган маанилүү жай экенин айтты.
1930-жылдары саясий репрессияларга туш болгон кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрү өз эне тилин, тарыхын жана маданиятын сактоого аракет кылганы үчүн жазаланганын белгилеген Ибраев, ошол мезгилдин бийлиги тарабынан алардын «эл душмандары» деп жарыяланышы тарыхый чындыкка дал келбей турганын билдирди. Ошондой эле ал саясий репрессиялардын курмандыктарын реабилитациялоо боюнча мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөргө токтолду.
Эскерүү иш-чаралары өткөндү жөн гана эске салуу менен чектелбестен, тарыхый аң-сезимди сактоо жана өткөн муундардын алдындагы жоопкерчиликти келечек муундарга өткөрүп берүү жагынан да чоң мааниге ээ экенин баса белгилеген Ибраев, өзгөчө студенттерге кайрылып, «Кара-Кыргыз» тасмасын көрүп, «Маркумдар үнү» китебин окууну сунуштап, ата-бабалардан калган мурасты сактоо жаш муундун маанилүү милдеттеринин бири экенин белгиледи.
Университет жыл сайын студенттери менен бирге «Ата-Бейитке» зыярат кылып турарын эске салган Ибраев жамгырга карабастан иш-чарага катышкан академиялык жана административдик кызматкерлерге, ошондой эле студенттерге ыраазычылык билдирди.
Болот Абдрахманов: «Ата-Бейиттин» тарыхый жана руханий мааниси
«Ата-Бейит — Түбөлүк журт» аттуу баяндамасы менен сөз сүйлөгөн «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин директору Болот Абдрахманов КТМУнун студенттери менен бирге комплекске жыл сайын келип турушу жаштардын тарыхый аң-сезимин калыптандырууга чоң салым кошорун белгиледи. Университеттин өзгөчө Кыргызстандын тарыхындагы кайгылуу барактарды жаш муунга жеткирүүгө багытталган иштерин жогору баалап, бул демилге башка жогорку окуу жайларына да үлгү боло аларын айтты.
1938-жылы кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрүнүн атылганына 88 жыл болгонун эске салган Абдрахманов 1991-жылы жалпы көрүстөндүн табылышы менен өлкө тарыхындагы маанилүү бир доордун сырлары ачылганын белгиледи. «Ата-Бейит» ар кыл тарыхый мезгилдердеги кайгылуу окуяларды жана күрөштөрдү бириктирген мемориалдык комплекс экенин айткан Абдрахманов, бул жерде 1916-жылдагы Үркүн окуясында курман болгондорго арналган эстелик, Чыңгыз Айтматовдун күмбөзү 2010-жылдагы Апрель окуяларында курман болгондордун жана чек арачылардын күмбөздөрү жайгашканын айтып өттү. Ал «Ата-Бейит» өз мекени үчүн өмүрүн берген инсандардын элесин түбөлүккө сактап келген маанилүү тарыхый жай экенин баса белгиледи.
КТМУ менен «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин ортосунда көп жылдан бери жүргүзүлүп келе жаткан кызматташтыкка да токтолгон Абдрахманов, тарыхый окуяларды жана саясий репрессиялар мезгилин изилдөө, китептерди даярдоо, конференцияларды жана сабактарды уюштуруу сыяктуу багыттарда биргелешкен иштер жүргүзүлүп жатканын билдирди. Университеттин илимий иш-чараларына комплекстин кызматкерлери да чакырылып турарын белгилеп, бул кызматташтыктын мындан ары да уланышына кубанычта экенин айтты.
Ошондой эле «Манас» университетинин бүтүрүүчүлөрүнүн бүгүнкү күндө «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде эмгектенип жатышы университет менен комплекстин ортосундагы тыгыз байланыштын маанилүү көрсөткүчү экенин белгилеген Абдрахманов, ректор Алпаслан Жейланга, университеттин жетекчилигине жана студенттерге ыраазычылык билдирди.