91×ÔÅÄ

«Манас» университетинин Медицина факультетинде тарыхый күн: Алгачкы ак халаттар кийгизилди


  • 2026-11-13

Кыргыз-Түрк «Манас» университети (КТМУ) менен Саламаттыкты сактоо илимдери университетинин  кызматташтыгында ишке ашырылган Медицина факультетинде 1-курс студенттери үчүн алгачкы "Ак халат кийүү" аземи өткөрүлдү. КТМУнун 30 жылдык академиялык тажрыйбасында жаңы доордун башталышын чагылдырган аземде келечектеги дарыгерлер кесиптик жоопкерчиликтин символу болгон ак халаттарын кийишти.

Ректораттын жыйындар залында өткөрүлгөн "Ак халат кийүү" аземине КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий и.к., доц. Алмаз Ибраев, Саламаттыкты сактоо илимдери университетинин ректору, профессор Кемалеттин Айдын, Кыргызстандын мурдагы саламаттык сактоо министри, профессор Талант Батыралиев, КТМУнун проректору жана Медицина факультетинин деканы, профессор Исмет Алтынташ, Кыргыз-Түрк Режеп Таййип Эрдоган атындагы Достук ооруканасынын башкы дарыгери, доктор Хакан Чомаклы, окутуучулар, Медицина факультетинин студенттери жана алардын ата-энелери катышты.

Ак халат менен дарыгерликке алгачкы кадам

Түркиянын жана Кыргызстандын мамлекеттик гимндери менен башталган аземде эки университеттин таанытуу тасмалары көрсөтүлдү. Маданий программада комуз аткаруусу жана «Манастын кыздары» бий тобунун өнөрлөрү тартууланып, манасчы тарабынан «Манас» эпосунан үзүндүлөр айтылды. Программанын «Алгачкы үн: Угуу» аттуу бөлүгүндө дарыгерлик кесиптин негизин түзгөн бейтап менен баарлашуу, эмпатия жана адамды түшүнүү жоопкерчилигине көңүл бурулду.

«Дарыгердин алгачкы күнү» аттуу бөлүмдө Медицина факультетинин биринчи курс студенттерине ак халаттар кийгизилди. Студенттердин кесиптик билим алуу жолундагы маанилүү этапты символдоштурган бул учур КТМУнун Медицина факультетинин алгачкы студенттеринин дарыгерлик кесипке жасаган символикалык кадамы катары университеттин тарыхында өз ордун алды.

Аземде студенттер дарыгерлик кесиптин этикалык принциптерине берилгендигин, адам өмүрүнө болгон урмат-сыйын жана кесиптик жоопкерчиликтерин билдирген анттарын окушту. Студенттердин антын чагылдырган көркөм композиция ректорлорго тапшырылды. КТМУда өткөрүлгөн алгачкы Ак халат кийүү аземи университеттин саламаттык сактоо илимдери тармагындагы академиялык түзүмүнүн жана Түркия-Кыргызстан билим берүү кызматташтыгынын жаңы баскычынын символу болду.

«Медицина факультетин түзүү кыялынан баш тарткан жокпуз»

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан Медицина факультетинин түзүлүшү көп жылдарга созулган максаттын жана тынымсыз аракеттердин натыйжасы экенин белгилеп, факультеттин алгачкы студенттеринин ак халат кийиши университеттин 30 жылдык тарыхындагы маанилүү бурулуш болгонун айтты.

Медицина факультетин түзүү максаты университеттин түптөлгөн алгачкы жылдарынан бери келе жатканын эске салган Жейлан 2020-жылы кызматка киришкен мезгилде да бул багытта аракеттер көрүлгөнүн, Түркия тарабынан каражат бөлүнгөнүнө карабастан, ошол кездеги шарттардан улам иштер аягына чыкпай калганын баяндады. Айрыкча 2020–2024-жылдары факультетти ачуу үчүн чоң аракеттер жасалганын белгилеген Жейлан кыйынчылыктарга карабастан, максаттарынан баш тартпагандарын баса белгиледи. Жейлан: «Жакшы күндө тоскоолдуктар жөнүндө эмес, жакшы нерселер жөнүндө сөз кылуу керек. Розанын тикенеги эмес, анын сулуулугу жөнүндө айтуу керек», – деген сөздөрү менен факультеттин түзүлүшүндөгү кыйынчылыктарга караганда жетишилген ийгиликтердин маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын 2018-жылы Кыргызстанга болгон сапары учурунда Медицина факультетинин пайдубалы түптөлүшү түзүлүү процессиндеги маанилүү этап болгонун белгилеген Жейлан Эрдогандын факультетте билим ала турган жаштардын түрк дүйнөсүнө кызмат кылган квалификациялуу дарыгерлер болушуна байланыштуу тилегин эске салды. Жейлан алгачкы студенттердин ак халат кийиши көп жылдар мурда коюлган максаттын иш жүзүнө ашкан көрүнүшү экенин айтты.

Факультеттин түзүлүшүнө колдоо көрсөткөн Түркия жана Кыргызстандагы жетекчилерге, академиктерге жана университеттин кызматкерлерине ыраазычылык билдирген Жейлан Саламаттык сактоо илимдери университетинин ректору, профессор Кемалеттин Айдындын биргелешкен билим берүү программасын ишке ашырууга кошкон салымын өзгөчө белгиледи.

Студенттерге кайрылган Жейлан ак халат кесиптик компетенттүүлүктөн тышкары этикалык баалуулуктарды, абийирди, боорукердикти жана адам өмүрүнө болгон жоопкерчиликти символдоштурарын баса белгиледи. Дарыгерликтин негизинде адамзатка кызмат кылуу турушу керектигин белгилеген Жейлан: «Силерден күткөнүбүз – адамзатка, түрк дүйнөсүнө жана Кыргызстанга кызмат кылууңар», – деди.

Медицина факультетинин алгачкы студенттери болуу өзгөчө жоопкерчиликти жүктөй турганын айткан ректор Жейлан жаш дарыгерлерден «Манас» университетинин баалуулуктарын өмүр бою сактоону өтүндү.

«Өлкөбүзгө квалификациялуу дарыгерлер керек»

КТМУнун биринчи проректору, саясий и.к., доц. Алмаз Ибраев Медицина факультетинин ачылышы университеттин 30 жылдык академиялык өнүгүүсүндөгү маанилүү этап экенин белгилеп, Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагындагы квалификациялуу кадрларга болгон муктаждыгын канааттандырууга салым кошууну көздөп жатышканын айтты.

Университеттин билим берүү философиясында санга караганда сапатка артыкчылык берилерин баса белгилеген Ибраев Саламаттык сактоо илимдери университети менен ишке ашырылган биргелешкен программа эки өлкөнүн академиялык тажрыйбасын жана билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн бириктирерин билдирди. Программанын алкагында студенттер үч диплом алуу мүмкүнчүлүгүнө жана эл аралык билим берүү тажрыйбасына ээ болорун белгилеген Ибраев бул кызматташтыктын квалификациялуу дарыгерлерди даярдоодогу маанисине көңүл бурду.

Ибраев билим берүүнүн коомдук жоопкерчилик жагын белгилеп, Кыргызстандын, өзгөчө саламаттык сактоо жана билим берүү сыяктуу негизги кызмат көрсөтүү тармактарында квалификациялуу кадрларга муктаж экенин айтты. Студенттерден окуу учурунда алган билимдерин жана тажрыйбаларын өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошо тургандай пайдаланууну өтүнгөн Алмаз Ибраев: «Биздин эң чоң тилегибиз – билим алып эле өлкөңөрдөн кетпестен, алган билимиңер жана тажрыйбаңар менен кайра өлкөңөргө кайтып келип, силерге тапшырылган аманаттын жоопкерчилигин аткарып, өз өлкөңөргө кызмат кылууңар», – деди.

Медициналык билим кесиптик билим жана көндүмдөр менен катар коом алдындагы күчтүү жоопкерчилик сезимин талап кыларын белгилеген Ибраев алгачкы ак халаттарын кийген студенттерди куттуктап: «Бүгүн кийген ак халаттарыңар аппак, ниетиңер таза болсун. Басып өткөн узун сапарыңар байсалдуу болсун!» – деген сөздөр менен сөзүн жыйынтыктады.

«Ак халат – бир цивилизациянын аманатын алып жүрүү»

Саламаттык сактоо илимдери университетинин ректору, профессор Кемалеттин Айдын Кыргыз-Түрк «Манас» университети менен ишке ашырылган биргелешкен медициналык билим берүү программасы эки университеттин академиялык тажрыйбасын жана саламаттык сактоо тармагындагы мүмкүнчүлүктөрүн бириктирерин белгилеп, кызматташтыктын квалификациялуу дарыгерлерди даярдоодогу маанисине көңүл бурду. «Манас» университетинин Медицина факультетинин түзүлүшүндө КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейландын чечкиндүү позициясы, тынымсыз аракеттери жана жан аябас эмгеги чечүүчү роль ойногонун баса белгилеген ректор Айдын факультетти ишке ашырууга кошкон салымы үчүн Жейланга ыраазычылык билдирди.

Саламаттык сактоо илимдери университетинин тарыхый тажрыйбасы, эл аралык билим берүү тармагы жана клиникалык инфраструктурасы жөнүндө маалымат берген Айдын биргелешкен программа боюнча студенттер медициналык билим алуунун акыркы үч жылын Түркияда улантарын айтты. Студенттер бул мезгилде университеттин кеңири ооруканалар тармагынан жана академиялык курамынан пайдаланып, медицинанын ар түрдүү багыттары боюнча практикалык билим алышарын белгиледи.

Дарыгерликтин илимий жана адамдык аспектилерине токтолгон Айдын ак халат кесиптик өздүктөн тышкары этикалык баалуулуктарга берилгендикти, адам өмүрүнө болгон урмат-сыйды жана коом алдындагы жоопкерчиликти символдоштурарын айтты. Айдын: «Бүгүн ак халатты кийгенден кийин, башка факультеттерден айырмаланып, силер дарыгерлик кесипти аркалайсыздар», – деген сөздөрү менен студенттерге кесиптеринин жоопкерчилигин эске салды.

Профессор Айдын дарыгерликтин ооруларды аныктоо жана дарылоо менен гана чектелбестигин баса белгилеп, ар бир бейтаптын өзүнө гана таандык өмүр жолу, тынчсыздануулары жана күтүүлөрү бар экенине көңүл бурду. Жакшы дарыгер билимин жана клиникалык көндүмдөрүн абийир, боорукердик жана адамга болгон сүйүүсү менен айкалыштырышы керектигин белгилеген Айдын студенттерден кесиптик өмүр бою адамдарга багытталган дарыгерлик түшүнүктү карманууну жана алган билимдерин өз өлкөлөрүнүн жана адамзаттын кызматында пайдаланууну өтүндү.

Түркиянын түрк дүйнөсүнүн жаштарына сунуштаган билим берүү мүмкүнчүлүктөрү жаңы муундардын калыптанышына салым кошууда

Кыргызстандын мурдагы саламаттык сактоо министрлеринин бири, профессор Талант Батыралиев КТМУнун Медицина факультетинин түзүлүшүн Түркия менен Кыргызстандын көп жылдардан бери келе жаткан билим берүү жана саламаттык сактоо кызматташтыгынын маанилүү жетишкендиги катары баалады. Советтер Союзу тарагандан кийин Түркиянын Кыргызстандан жана башка түрк республикаларынан келген жаштарга сунуштаган билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн эске салган Батыралиев өзү да 26 жыл бою Түркияда билим алып, илимий иштерин жүргүзгөнүн белгилеп, бул мезгилде көрсөтүлгөн колдоо үчүн Түркияга ыраазычылык билдирди.

Медицина факультетин түзүү идеясы көп жылдар мурда пайда болгонун айткан Батыралиев Кыргызстандын ошол кездеги Түркиядагы элчиси Төлөмүш Океев бул багытта маанилүү демилгелерди көтөргөнүн маалымдады. Президент Режеп Таййип Эрдогандын 2018-жылы Кыргызстанга болгон сапары учурунда факультеттин пайдубалынын түптөлүшүн түзүлүү процессиндеги маанилүү бурулуштардын бири катары баалаган Батыралиев Саламаттык сактоо илимдери университети менен ишке ашырылган биргелешкен билим берүү программасы түрк дүйнөсүндө медициналык билим берүүнүн өнүгүшүнө жана квалификациялуу медициналык кадрларды даярдоого салым кошоруна ишеним билдирди. Медицина факультетинин түзүлүшүндө КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейландын чечкиндүү демилгелери маанилүү роль ойногонун белгилеген Батыралиев бул максатты ишке ашырууга кошкон салымы үчүн ректор Алпаслан Жейланга ыраазычылык билдирди.

Студенттерге кайрылган Батыралиев эки абройлуу университеттин биргелешкен билим берүү программасында окуу мүмкүнчүлүгүнөн толук пайдаланып, эки университеттин студенти болуунун жоопкерчилигин жана сыймыгын сезип жүрүүнү өтүндү.

«Жакшы дарыгер оорудан тышкары бейтаптын окуясын да түшүнүшү керек»

КТМУнун проректору жана Медицина факультетинин деканы, профессор Исмет Алтынташ алгачкы Ак халат кийүү аземи студенттер, алардын үй-бүлөлөрү жана академиктер үчүн сыймык менен жоопкерчилик бирге сезилген маанилүү күн болгонун белгилеп, дарыгерлик кесипте адамды түшүнүүнүн маанисине көңүл бурду.

Студенттерге «Адегенде түшүнүүгө аракет кыл» деген билдирүү берген Алтынташ жакшы дарыгер оорунун белгилерин жана дарылоо ыкмаларын гана эмес, бейтаптын башынан өткөргөн окуяларын, тынчсызданууларын жана күтүүлөрүн да эске алышы керектигин баса белгиледи. «Оорулардын аталышы бар, бирок ар бир бейтаптын өзүнчө окуясы бар. Ошондуктан ооруну таануу жетишсиз, бейтапты да таанышыңар керек», – деген Алтынташ медицинада илимий билим менен эмпатияны айкалыштырган, адамга багытталган мамиленин зарылдыгын айтты.

Ак халаттарын кийген студенттерди куттуктаган Алтынташ билимге болгон кызыгуу, адамга болгон сүйүү жана абийир алдындагы жоопкерчилик кесиптик жашоодо аларга жол көрсөтүшүн каалады.

«Дарыгерликтин негизинде илим, абийир жана адамдарга болгон сүйүү турат»

Кыргыз-Түрк «Режеп Таййип Эрдоган» достук ооруканасынын башкы дарыгери, медицина илимдеринин доктору Хакан Чомаклы дарыгерлик илимий билим жана клиникалык көндүмдөр менен катар эмгекти, абийирди жана адамды түшүнүү жоопкерчилигин талап кыларын белгиледи.

Келечектеги дарыгерлерге кесиптик жашоосунда бейтаптын кызыкчылыгын ар дайым биринчи орунга коюуга чакырык жасаган Чомаклы медициналык этиканын негизги принциптеринин бири болгон «биринчи кезекте зыян келтирбөө» түшүнүгүнө, бейтаптын купуялуулугуна жана кесиптик ар-намыска берилгендиктин маанисин баса белгиледи. Саламаттык сактоо кызматтары ар түрдүү адистиктердин кызматташтыгы жана командалык иш аркылуу жүргүзүлөрүн эске салган Чомаклы студенттерден илимий өнүгүүлөрдү тыкыр көзөмөлдөп, бул кесипти өмүр бою үйрөнүүнү улантууну өтүндү.

КТМУнун Медицина факультети Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагындагы кадрдык потенциалын өнүктүрүүгө салым кошот

КТМУнун 30 жылдык мааракесинде алгачкы студенттерин кабыл алган Медицина факультети Түркия менен Кыргызстандын академиялык кызматташтыгынын саламаттык сактоо илимдери тармагындагы маанилүү кадамдарынын бири катары өзгөчөлөнүүдө. Саламаттык сактоо илимдери университети менен кол коюлган Эл аралык биргелешкен бакалавриат программасынын протоколунун алкагында жүргүзүлүп жаткан билим берүү эки университеттин академиялык тажрыйбасын жана клиникалык мүмкүнчүлүктөрүн бириктирет. Алгачкы Ак халат кийүү аземи менен институционалдык түрдө тарыхында жаңы этапка өткөн КТМУнун Медицина факультети Кыргызстандын муктаждыгына жооп берген квалификациялуу дарыгерлерди даярдоого жана түрк дүйнөсүндө медициналык билим берүү жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө салым кошууну көздөйт.

    Социалдык медиада бөлүшүү