91×ÔÅÄ

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин окутуучусу Серкан Йылдырым ветеринардык патология тармагында дүйнө боюнча экинчи орунда


  • 2026-09-24

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин (КТМУ) Ветеринария факультетинин окутуучусу, профессор Серкан Йылдырым «AD Scientific Index» тарабынан жарыяланган рейтингдин жыйынтыгы боюнча ветеринардык патология тармагында акыркы беш жылдык баалоодо дүйнө жүзү боюнча экинчи орунду ээледи. Йылдырым ушул эле изилдөө тармагынын жалпы дүйнөлүк рейтингинде 15-орунга ээ болду.

Баалоо илимий эмгектер жана шилтемелер аркылуу жүргүзүлөт

«AD Scientific Index» изилдөөчүлөрдүн «Google Scholar» маалыматтарына таянуу менен алардын илимий эмгектерине жасалган шилтемелерди жана ушул шилтемелерге негизделген натыйжалуулук көрсөткүчтөрүн баалайт. Системада H-индекс, i10-индекс жана шилтемелердин саны боюнча академиктердин бүткүл эмгек жолун да, акыркы беш жылдык мезгилди да камтыган өзүнчө рейтингдер түзүлөт.

H-индекс изилдөөчүнүн эмгектеринин санын жана ал эмгектерге жасалган шилтемелерди чогуу карап чыгат. Мисалы, H-индекстин 20 болушу изилдөөчүнүн кеминде 20 эмгегинин ар бирине кеминде 20 жолу шилтеме жасалганын билдирет. i10-индекс кеминде 10 жолу шилтеме жасалган эмгектердин санын, ал эми жалпы шилтемелердин саны эмгектердин илимий адабиятта канчалык деңгээлде булак катары колдонулганын билдирет. Бул көрсөткүчтөр бирдиктүү упайга айландырылбастан, өз-өзүнчө бааланат.

Рейтинг изилдөөлөрдүн шилтеме берүүгө негизделген таасирин билдирет

Бул сыяктуу рейтингдерде жогорку саптарды ээлөө изилдөөчүнүн илимий эмгектери тиешелүү көрсөткүчтөр жана баалоо мезгили боюнча системага киргизилген изилдөөчүлөрдүн арасында өзгөчөлөнүп турганын көрсөтөт. Акыркы беш жылдык жыйынтыктар акыркы мезгилдеги шилтемелерге негизделген ишмердүүлүктү чагылдырса, жалпы рейтингдер бүткүл академиялык карьера учурунда топтолгон тажрыйбаны чагылдырат.

Бул алкакта Йылдырымдын жетишкен ийгилиги ветеринардык патология тармагындагы эмгектеринин илимий адабияттагы көрүнүктүүлүгү жана шилтемелерге негизделген таасири жагынан бааланат. Рейтингдин камтуусу колдонулган көрсөткүчтөр, мезгил жана индекске киргизилген изилдөөчүлөр менен гана чектелип турат. Билим берүү, клиникалык тажрыйба жана коомго кошкон салымы сыяктуу ишмердүүлүктөр болсо башкача баалоо критерийлерин талап кылат.

«Изилдөө инфраструктурасы жана каржылык колдоолор аркылуу илимий өндүрүштү колдойбуз»

КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан жетишкен ийгилиги менен профессор Серкан Йылдырымды куттуктап, бул жыйынтык университеттин академиялык коомчулугу үчүн шыктандыруучу үлгү экенин белгиледи. Ал илимий эмгектердин эл аралык деңгээлде таанылышында изилдөөчүлөрдүн эмгеги жана үзгүлтүксүз жүргүзүлгөн академиялык аракеттери маанилүү роль ойной турганын белгилеп, сапаттуу изилдөөлөрдү колдогон институционалдык мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин айтты.Ушул багытта университеттин изилдөө инфраструктурасы чыңдалып, илимий изилдөөлөргө көрсөтүлүп жаткан каржылык колдоо көбөйтүлүп жатканын белгилеген ректор Алпаслан Жейлан түзүлгөн мүмкүнчүлүктөрдү оригиналдуу долбоорлорго, сапаттуу илимий жарыяланмаларга жана эл аралык изилдөө кызматташтыгына айландырууну максат кылып жатышкандыгын  билдирди.

Изилдөөгө бөлүнгөн каражаттар илимий маалыматтардын топтолушуна салымын кошуп, коомдук муктаждыктарга жооп издеген эмгектер менен бааланышы зарыл экендигине көңүл бурду.

Сапаттуу илимий өндүрүштү өнүктүрүүнү биргелешкен академиялык жоопкерчилик катары көрүшөрүн баса белгилеген  ректор Алпаслан Жейлан бардык окутуучулардын өз адистиги боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүүсүнө, түрдүү дисциплиналардагы кесиптештери менен биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуусуна жана эл аралык илимий тармактарга катышуусуна өзгөчө маани берерин айтты.  Ректор Алпаслан Жейлан бул аракеттер университеттин изилдөө дареметинин жана илимий көрүнүктүүлүгүнүн туруктуу түрдө чыңдалышына салым кошорун билдирди.

    Социалдык медиада бөлүшүү