91×ÔÅÄ

КТМУ менен Тургунбай Садыков атындагы Улуттук көркөм сүрөт академиясынын ортосунда кызматташуу протоколуна кол коюлду


  • 2026-09-26
Кыргыз-Түрк «Манас» университети (КТМУ) менен Кыргыз Республикасынын Тургунбай Садыков атындагы Улуттук көркөм сүрөт академиясынын ортосунда билим берүү, илим жана академиялык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында протоколго кол коюлду. КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан Тургунбай Садыков атындагы Улуттук көркөм сүрөт академиясынын ректорунун милдетин аткаруучу, профессор Айдар Усукеевди жана академиянын сүрөт бөлүмүнүн окутуучусу, Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, профессор Сүйүтбек Төрөбековду кабыл алды. Жолугушууда эки окуу жайдын ортосундагы учурдагы академиялык байланыштар бааланып, билим берүү жана илим тармагында биргеликте ишке ашырыла турган долбоорлор талкууланды.

Билим берүү жана илим тармагында биргелешип иштөө

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы бир туугандык байланыштарды академиялык кызматташтык аркылуу чыңдоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Конокторду университетте тосуп алганына кубанычта экенин билдирген Жейлан КТМУ илимий тармакта ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин айтты. Профессор Айдар Усукеев 7 факультет менен иш алып барып жаткан академиянын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди. КТМУнун колдоосу үчүн ыраазычылык билдирген Усукеев мекемелер ортосундагы байланыштын жана өз ара академиялык сапарлардын уланышына чоң маани берерин билдирди. Эки билим берүү мекемеси учурдагы мамилелерди биргелешкен иштер менен өнүктүрүү жана кызматташууга туруктуулукту камсыз кылуу боюнча пикир алышты.

Өткөндөн бүгүнкү күнгө чейинки академиялык мамилелер

КТМУ жайгашкан аймакты көп жылдардан бери билерин айткан профессор Айдар Усукеев бул аймак ачылган мезгилде «Кыргыз-түрк элдеринин ынтымагы» деген жазууну өзү жазганын эске салды. Мурда аэропорт катары колдонулган аймактын бүгүнкү күндө заманбап жана жашыл университет кампусуна айланганын көрүүдөн ырахат алганын билдирди. Эки мекеменин ортосунда мурдатан эле академиялык мамилелер бар экенин белгилеген профессор Айдар Усукеев бул байланыштарды улантуу маанилүү экенин баса белгиледи. Мурда катышкан КТМУнун бүтүрүү аземин эске салган Усукеев аземдеги тартип жана университеттеги билим берүү чөйрөсү анда абдан жакшы таасир калтырганын айтты. Студенттердин академиялык өсүшүн колдогон, алардын көркөм жана маданий тажрыйбасын баютууга мүмкүндүк берген билим берүү чөйрөсүнүн баалуулугуна көңүл буруп, КТМУда бул багытта жүргүзүлүп жаткан иштерди жогору баалады.

Көркөм сүрөттү колдоого 30 мольберт

Иш-чаранын алкагында КТМУ тарабынан Тургунбай Садыков атындагы Улуттук көркөм сүрөт академиясына 30 даана мольберт белекке берилди. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кол коюлган протокол эки мекеменин билим берүү жана илим тармагында биргелешкен иштерди жүргүзүүсү, академиялык байланышты чыңдоосу жана учурдагы өнөктөштүктү улантуусу үчүн кызматташуу алкагын түздү.
    Социалдык медиада бөлүшүү